Кыргызстандын Башкы прокурору Азимбек Бекназаров Өзбекстандын бийлиги кылмышкер деп өткөрүп берүүнү талап кылып жаткан 29 качкындын маселеси БУУнун Качкындар боюнча Башкы комиссарлыгы менен биргеликте иликтенип жаткандыгын билдирди:
- Качкындардын маселесин бул жумада иликтеп жатабыз. Анткени, качкындар боюнча башкы комиссарлык да Өзбекстан тарап да бизге жаңы маалыматтарды берди. Биз алардын баарын дыкат иликтеп туруп, ушул жумада жыйынтыкка келебиз.
Азыр Кыргызстанда Анжиян окуясынан кийин качып келген 400дөн ашуун адам бар. Алардын 29ун өзбек бийлиги кылмышкер деп өткөрүп берүүнү талап кылып жатат. Ал эми укук коргоо уюмдары аларды бербөөнү талап кылышууда.
Дүйнөлүк акыркы кабарларды Прагадан Бүбүкан Досалиева жана Төрөкул Дооров даярдашты