Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:33

АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс Израилден Ливанга келди


АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс Иерусалимде Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон менен жолугушуп, Израилдин Газа тилкесинен кетиши тууралуу сүйлөштү. Райс Израил жетекчилигин өз аракеттерин Палестин жетекчилиги менен биргеликте иштеп чыгууга чакырды. Бул жолугушууда эмне сөздөр айтылганы тууралуу азырынча так маалымат айтыла элек.

Акыркы эки жумада Палестиндеги экстремисттер күчтөнүп, Израилдин оңчулдары болсо, Газа тилкесинен жөөттөрдүн конушун жылдыруу тууралуу өкмөттүн планына каршы демонстрацияларды өткөрүштү. Израил Газа тилкесиндеги жөөттөрдүн бир катар конуштарын августтун ортосунда чыгарып кетет деп күтүлүүдө. Израилдин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Кондолиза Райс күтүлбөгөн жерден Ливандын баш калаасы Бейрутка сапар алды. Ал Бейрутта Ливандын жетекчилери менен жолугуп, аларды демократиялык нукта жетишкен ийгиликтери үчүн куттуктады. Мындан эки ай мурда Сириянын аскерий күчтөрү эларалык коомчулуктун кысымы астында Ливандан чыгып кетишкен эле.

XS
SM
MD
LG