Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Лондон полициясы жанкечти деп шектелген бир адамды атып салды


Лондондун метро полициясы Түштүк Лондондогу Стоккуэлл метро станциясында жанкечти болушу мүмкүн деп шектелген бир адамды атып салганын кабарлады. Ал адам өлгөнү айтылып жатат, бирок анын чын эле жанкечти экени азырынча тастыктала элек. Күбөлөрдүн айтымында, полиция кызматкери ал кишини беш жолу аткан.

- Мен оң жакты карап чуркап бараткан бир жигитти көрдүм. Ал абдан катуу чуркап баратып, чалынып кетти. Ошол маалда тарс, тарс деп 5 жолу ок атылды,-дейт Лондондук жүргүнчү Мар Уитби.

Метрополитендин жетекчилигинин буйругу менен Виктория жана Брикстон, Кеннингтон менен Морден метростанцияларында жүрүү убактылуу токтотулду. Лондондун батышындагы Херроу көчөсү жаап иликтенип жатат. Акыркы маалыматтарга караганда, 21-июлда болгон 4 жардырууну “ал-Каида” менен катышы бар бир топ өз мойнуна алып жатат. Ал топ Улуу Британия өз аскерин Ирактан алып чыгып кетмейинче террактар улантыла берет деген талап коюп жатышкандыгы да маалымдалууда.

- Мен азыр метронун эки линиясында кыймыл токтотулганын гана айта алам. Виктория линиясы боюнча “Виктория” жана “Брикстон” станцияларынын аралыгында кыймыл жок. Ал эми Түндүк линия боюнча Кенингтон жана Морден станциялары ортосунда кыймыл токтотулду, - деди шаардык транспорт башкармалыгынын өкүлү.

Кечээ эле Лондондо төрт жолу кичине жардыруулар болгон эле. Алардын үчөө үч башка метро станциясында, дагы бири автобуста болгон. Алардан өлгөндөр болгон эмес.

Эки апта мурда Лондондо төрт ири жардыруу болгон. Андан 56 адам өлүп, 700гө жакыны жарадар болгону белгилүү. Ондогон адамдар азырга чейин табыла элек.

XS
SM
MD
LG