Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Текшерүүчү жана көзөмөлдөөчү органдар жоюлат


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 23-июлда Укук коргоо жана башка көзөмөлдөөчү органдардын ишкерлик менен алектенген тараптардын ишине кийлигишүүсүн токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Анда ишкерлик тоскоолдуктарды жоюу боюнча мыйзамдарды жана башка сунуштарды даярдай турган, курамына кызыкдар тараптар кирбеген атайын комиссия түзүү өкмөткө тапшырылган. Жардыкка ылайык, Улуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик бажы инспекциясы жана башка органдардагы кайталанган текшерүүчү мекемелер жоюлат жана алар өкмөт алдындагы Финансы полициясына бириктирилет. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров 22-июлда айрым мамлекеттик органдарды ишкерликке тоскоол кылып жатасыңар деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG