Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:11

Жаңы Конституция жазылабы?


БИШКЕК. Кыргызстан элдик кыймылынын курултайында Конституциялык кеңешмени кайрадан түзүп, жаңы Конституцияны кабыл алуу сунушун кыймылдын лидерлеринин бири, өлкөнүн Башкы прокурору Азимбек Бекназаров көтөрдү. Анын айтымында, жаңы Конституция негизги принциптерди камтыган, майда жоболордон алыс документ болууга тийиш. Бекназаров көтөргөн демилге мурда макулдашылганын президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев да белгиледи. Бирок ал журналисттер менен кыскача жолугушуусунда, Конституциялык кеңешменин курамына жаңы кошумча мүчөлөр кириши керектиги Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен сүйлөшүлгөнүн жана жаңы Конституция болобу, же кошумча жана өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоор болобу, ал кеминде эки ай элдик талкууга коюлуш керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG