Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Лондондо полиция күнөөсүз адамды “женкечти” деген шек менен кокустан атып алды


Лондондо бейшембидеги жардырууну уюштургандардын бири жана жанкечти болушу мүмкүн делген шек менен аттырылып, өлтүрүлгөн адам террорчулар менен байланышы жок болуп чыкты. Бул тууралуу ишембиде кечинде белгилүү болду. Полиция катачылык кетип, күнөөсүз адам өлтүрүлгөнү үчүн кайгырып жатканын билдирди.

Лондон полициясы бейшембиде транспорт каттамдарында жардыруу жасаганга аракет кылган делген шек менен ишембиде экинчи адамды камакка алган. Кабарларга караганда, ал жума күнү кечинде кармалды. Кечээ полиция ушундай эле шек менен бир кишини камаган эле. Азыр аларды суракка алуу уланып жатат.

XS
SM
MD
LG