ЖАЛАЛАБАТ. Сел жана суу ташкын басып, ссудага муктаж болгон облустагы 799 үй-бүлөнүн бирине да жыл башынан бери көмөк көрсөтүлө элек. Быйылкы табият кырсыктарынан кийин 1994-жылдан бери мамлекеттик колдоо көрсөтүүчүлөрдүн тизмесине кирген 4555 үй-бүлөнүн катарына 2098 үй-бүлө жаңыдан кошулду. Турак жайынан ажырап, чатырда жашаган Базаркоргон жана Сузак райондорунун жарандары “ипотекалык ыкма менен болсо да жардам берилсе, кыш түшкөнчө турак жайыбыздын чатырын жаап алат элек” деген тилектерин айтышууда. Облустук бийликтен алынган маалыматка караганда, үй-жайын сел баскан жарандарга короо жайын тазалоо үчүн 17 тонна күйүүчү май жана 43 чатыр ажыратылган. Облустук чукул кырдаал башкармасынын билдирүүсүнө караганда, быйыл 18 гана адамга өкмөттүк жардам берилген. 1698 үй-бүлө табият кырсыгы күтүлгөн жерде аргасыз жашоодо.