Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:28

“Мээримдин” имараттары мамлекетке кайтарылды


БИШКЕК. “Мээрим” фондусу ээлик кылып келген, ар биринин баланстагы баасы бир жарым миллион сомдон кем эмес бир катар имараттар мамлекетке кайтарылды. Карабуура айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын имараты, Панфилов районундагы жатаканананын имараты, Ноокен районундагы балдар ден соолук борборунун имараты, Кемин районундагы “Наристе” бала бакчасынын имараты, Сокулук районундагы билим берүү борборунун имараты мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Бул имараттар Аскар Акаевдин тушунда “Мээрим” фондусунун карамагына кайтарымсыз берилген. Аталган фондду жетектеп келген Майрам Акаева 22-июлда жазган кайрылуусунда “Мээрим” фондусунун ишмердигин азыркы бийлик саясатташтырып жиберди, жогорудагы имараттарды фонд оңдоп-түзөтүп, талкалануудан сактап калды, деп билдирген.

XS
SM
MD
LG