Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:49

Караколдун мэри өз арызы менен кызматтан кетти


БИШКЕК. Каракол шаарынын мэри Асылгүл Абдурехменова кызматтан кетүү жөнүндө арызын 23-июлда берди жана бул чечимин колдоо жөнүндө шаардык кеңештин депутаттарына кайрылды. Асылгүл Абдурехменова бул кадамын кызматтан өз эрки менен кетүү демилгеси катары жана азыркы кырдаалда мамлекетте кадрдык жаңылануу зарылдыгы менен түшүндүрөт. Анын пикиринде, коомчулук Курманбек Бакиевдин кадрдык саясатында кескин өзгөрүүлөрдү күтүп жатат. “Андыктан мурунку бийликтин тушунда иштеген дагы, азыркы жаңы бийликтеги чиновниктер да Курманбек Бакиевге тандоо мүмкүнчүлүгүн бериши керек”, дейт Асылгүл Абдурехменова. Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Канат Усупбаев “Азаттыкка” билдиргенге караганда, шаардык кеңештин депутаттары мэрдин кызматтан кетүү чечими менен макул эмес. Абдурехменова үстүбүздөгү жылдын 1-февралында бул кызматка киришип, ыңкылаптан кийин Курманбек Бакиевдин сунушу менен аны бул кызматка Каракол шаардык кеңеши бекиткен. Ал мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасын экономикалык жеке сектордо пайдаланаарын, чет элдик инвесторлор менен биргелешкен долбоордун үстүндө иштей баштаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG