Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Ант берүү аземине бир катар мамлекет башчылар келет


БИШКЕК. 14-августтагы президенттин ант берүү аземине протоколго ылайык КМШнын бир катар мамлекет башчылары жана эл аралык абройлуу уюмдардын жетекчилери чакырылды. Ошондой эле бир нече чет мамлекеттердин тышкы иштер мекемелери катышуу ниеттерин билдирип жатышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Авазбек Атаханов билдирди. Анын айтымында, президенттин инаугурациясын даярдоо боюнча жумушчу топ учурда тынымсыз иштеп жаткан кези. Авазбек Атаханов кайсы өлкөлөрдүн мамлекет башчылары келээрин тактаган жок, бирок Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев өз элин таштап, качып кеткен президент катары мындай чакырууга татыксыз деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG