Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Түркия күрттөрдүн аракетине Иракта да каршылык кылууга даяр


Ирактын Тышкы иштер министри Түркиядагы күрт сепаратисттерине каршы багытталган аскерий иш-чаралар Ирактын аймагына да өтүп кетпесин деген чочулоосун Түркияга билдирди. Министр Хошияр Зебаринин билдирүүсү боюнча, АКШнын Ирактагы аскерлери Күрт жумушчу партиясынын өкүлдөрүн кармоо жөнүндө буйрук алышты. Түркиядагы күрттөр бул өлкөнүн түштүк-чыгышында көз карандысыз мамлекетин түзүү үчүн көп жылдан бери күрөшүп келе жатат. Алар бул максатта Ирактын түндүгүндө өз базасын түзүшкөн. Түркиянын өкмөтү жакында күрт сепаратисттерине каршы күрөш Ирактын аймагына чейин кирип кетиши мүмкүн экендигин жарыя кылган болчу.

XS
SM
MD
LG