БИШКЕК. “Эркиндик” саясий партиясы 25-июлда президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоду. Анда тез арада 100-120 адамдан турган конституциялык кеңешме түзүүнү, анын курамына мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, атуулдук коом, саясий партиялар өңдүү 10-12 тарапты киргизүү сунушталган. “Эркиндик” партиясы Башмыйзамдын жаңы долбоору үч айдан кем эмес жалпы элдик талкуудан өткөндөн кийин 2005-жылдын соңунда жалпы элдик референдумга коюлушу керек деп эсептейт. Кайрылууда Курманбек Бакиевге бул референдумга азыркы парламентти таркатуу маселесин да койуу сунушталган.