АКШ жана Түндүк Кореянын төрт коңшусу катышкан сүйлөшүүнүн алдындагы жолугушуу бир сааттан ашыкка созулду. Сүйлөшүүлөр 2003-жылы башталып, 13 ай мурда токтоп калган эле. Тараптар Түндүк Кореяны ядролук программасынан баш тартууга көндүрө албай келатышат. АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолеса Райс ушул айда Бейжинде болгондо, сүйлөшүүнүн жаңы айлампасынан үмүтүн билдирген.
Түндүк Корея жер алдында ядролук сынак өткөргөнү жаткандыгы айтыла баштагандан бери, жең алдынан дипломатиялык аракеттер күч алды. АКШнын президенти Жорж Буш Түндүк Кореянын жол башчысын азыраак сындап калды, ал тургай Түндүк Кореяга ядролук программасынан баш тартса, электр кубатын бекер берүүнү сунуш этти.
Ошол эле убакта, байкоочулар азыркы айлампада чоң жылыш болооруна көздөрү жетпейт. Америкалык делегацияны баштап бараткан Мамлекеттик катчынын жардамчысы Кристофер Хилл Түндүк Корея менен дүйшөмбү күнкү сүйлөшүүдө эки тарап болгону кайра таанышып, өз пландарын салыштырып көрүшөт деп айтты.