Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Египетте полиция бомба чабуулуна байланыштуу эки айылды курчоого алды


Египеттин Шарм-эль-Шейх курортунда ишемби күнү бомбалар жардырылып, 60тан ашык кишинин өмүрү кыйылган эле. Курорттун жанындагы айылдарда чабуулга катышы бар эки кишинин жашырынып жаткандыгы болжолдонууда.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти бүгүн дагы бир топ өз мойнуна алды. Өзүн «Египеттик Можахеддер» деп атаган топтун Интернетте жарыялаган билдирүүсүндө чабуулда өз жанын кыйган беш кишинин ысымдары келтирилет жана алар жөөттөрдү бутага алгандыгы айтылат. Буга чейин мурда белгилүү болбогон башка бир топ жана «ал-Каида» менен байланышта турган уюм жоопкерчиликти өзүнө алышкан эле. Египеттин полициясы чабуулдардын мезгилинде Шарм-эль-Шейхте болгон Пакистандын алты атуулун издеп жатат. Алтоо паспортторун мейманканада калтырып, изин суутуп кетишкен.

XS
SM
MD
LG