Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Египеттин полициясы Шарм-эл-Шейхтеги террактын күнөөкөрлөрүн издөөдө


Маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда Синай тоолорунда коопсуздук кызматтары менен куралчан адамдарын ортосунда атышуулар болгон. Өткөн ишембиде Шарм-эл-Шейх курортунда болгон жардырууларга байланыштуу, аны уюштурган шектүүлөрдү издөө аракетинде полиция кечээ курорттун чет жакасындагы эки кыштакты курчоого алган эле. Полиция жардырууну уюштурган деген шек менен алты пакистандыкты издөөдө. Ишембиде Шарм-эл-Шейхтеги мейманкалардын биринде жасалган жардыруудан сексенден ашуун адам, көбүнесе жергиликтүү тургундар мерт болгон. Окуя үчүн эки башка исламчыл топ жоопкерчилик алды.

XS
SM
MD
LG