Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:56

Дагы бир саясий партия түзүлдү


БИШКЕК. “Кыргызстан элдик кыймылы” саясий партиясы түзүлүп, юстиция министрлигинен каттоодон өттү. Бул тууралуу жаңы партиянын лидери Виктор Черноморец билдирди. Анын айтымында, партиянын негизги максаты өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу. Партия жаңыдан түзүлгөн «Кыргызстан» коомдук-саясий кыймылынын курамына кирди. Белгилей кетүүчү нерсе, Виктор Черноморец өлкөдөгү ыңкылапка активдүү катышкан жана учурда «Аларча» №1 мамлекеттик резиденциясынын жетекчисинин милдетин аткарууда.

XS
SM
MD
LG