Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

Өзбекстан чек арачылары кармап кеткен журналист бошотула элек


БИШКЕК. Кыргызстандын журналисттер кошуну 26-июлда Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин башчысы Мырзакан Субановго кайрылып, Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткен кыргызстандык журналист Эркин Якубжановду бошотууга көмөктөшүүнү суранды. Ош мамлекеттик унверситетинин студенти, журналист Эркин Якубжановду 18-июлда “Достук” бажы бекетинин жанынан өзбек чек арачылары алып кетишкен. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги 20-июлда Өзбекстандын тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөн. Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Алишер Салахитдинов менен тышкы иштер министринин орун басары Таалайбек Кыдыров жолугушуп, эки өлкөнүн күч органдарынын жолугушуусун уюштуруу сунушун билгизди. Анда кыргыз тарап кыргыз-өзбек чек арасындагы бүгүнкү кырдаалды, соңку окуяларды, анын ичинде кыргызстандык журналисттин кармалышы өңдүү маселелерди достук ымалада чечүү үмүтүн билдирди. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

XS
SM
MD
LG