БИШКЕК. Президент болуп шайланган Курманбек Бакиев 26-июлда өкмөт үйүндө АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Алгач Курманбек Бакиев Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоо тууралуу маалымат берип, АКШ Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери жардам берип келатканын белгилеп, АКШ өкмөтүнө жана элине ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Доналд Рамсфелд шайлоонун эркин жана демократиялык негизде өткөнүн белгилеп, Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктан колдоо аларын билдирди. Рамсфелд менен Курманбек Бакиевдин сүйлөшүүсүнө кыргыз тараптан тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков, каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров, коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов катышты. Сүйлөшүүлөр соңунан кийин Исмаил Исаков жана Доналд Рамсфелд биргелешип маалымат жыйынын өткөрдү.