«Интерфакска» ылайык, Улуттук Банктын тышкы байланыштар бөлүмүнүн мурдагы 14 кызматкери мамлекеттик каражатты жана менчикти өз кызыкчылыгында колдонуп, пара алган деген жана башка айыптоолор боюнча күнөөлүү деп табылганын Баш Прокуратуранын өкүлү Рамазан Пулатов бышыктады. Соттолгондорго эл аралык издөө салынган. Өзбек бийликтери банктын жетекчисинин мурдагы орун басары Светлана Тишенкону жана италиялык эки атуулду да издеп жатат.