Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:28

Египеттин Шарм-эл-Шейх курортунда жардыруу жасаган жанкечтинин бири аныкталды


Маалымат агенттиктери өлкөнүн коопсуздук кызмат өкүлдөрүнө шилтеме берип билдиргение караганда, ал - Египетин эле жараны, Синай жарым аралында жашаган Юссеф Бадран. Бийлик өкүлдөрү аны исламчыл согушчан топтор менен байланышта турган деп эсептейт, бирок алар кайсыл уюмдар экени маалымдалган жок. Өткөн ишембинин таңында Шарм-эл-Шейх курортундагы мейманканалардын биринде жана соода-сатык аймагында миналанган эки автоунаанын жардырылуусунан алтымыштан ашуун адам каза тапкан эле. Бул үчүн исламчыл үч башка согушчан топ жоопкерчилик алды.

XS
SM
MD
LG