Багдаддын батыш тарабында кечээ куралчан кишилер жергиликтүү ишканалардын биринин жумушчулары түшкөн автобуска ок жаадырышкан. Ал эми америкалык төрт жоокер шаардын түштүк-батыш тарабында жол боюна көмүлгөн бомбага кабылып, каза тапты. Ирактагы америкалык командачылык кечээ кечинде маалымдагандай, окуя өткөн жекшембинин түнүндө болгон. Мунун аралыгында, "ал-Каида" уюмунун Ирактагы бөлүмү Алжирдин өткөн аптада Багдаддан уурдалып кеткен эки дипломатынын өмүрүн кыярын билдирди. Бул маалыматтын тууралыгы азырынча башка булактар тарабынан ырастала элек.