Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

АКШнын космос агенттигинин адистери "Дисковери" кемесинин кыртышына зыян тийген-тийбегенин иликтөөдө


"Дисковери" кемеси АКШнын Флорида штатындагы Канавералл булуңунда жайгашкан космодромдон кечээ учурулган эле. Бул - АКШда соңку эки жарым жылдан бери бортунда киши бар кеменин космоско алгачкы ирээт учуусу. Америкалык кемелердин космоско учуусу 2003-жылдын 1-февралында "Колумбия" кемеси коноор алдында кыйрап, жети космонавт каза тапкандан кийин токтотулган. "Дисковеринин" экипажы да 7 адамдан турат. Алар 12 күнгө эсептелген сапар учурунда жаңы технологияларды сынактан өткөрүп, эл аралык космос станциясына керектүү нерселерди жеткирмечи. АКШнын космос агенттиги – НАСАнын адистери кеме учканда пайда болгон бир кичинекей жана дагы бир чоңураак сынык кайдан түшкөнүн иликтөөдө. НАСАнын өкүлү Жон Шэннондун билдиргенине караганда, мындан улам экипаждын кайтып келүүсүнө коркунуч бар деп айтуу азырынча эртелик кылат.

XS
SM
MD
LG