БИШКЕК. Кыргызстанда адам соодасы жыл өткөн сайын күчөп баратат. Жогорку Кеңештин миграция боюнча комиссиясынын төрагасы, депутат Кубанычбек Исабеков 27-июлда уюштурган маалымат жыйынында ушундай билдирүү жасады. Кыз-келиндерди чет өлкөлөргө Ош, Алматы шаарлары аркылуу ташып өткөрүү күч алууда жана ал далдалчы жеке адамдар, фирмалар аркылуу ишке ашып жатат. Өткөн жылы миграция боюнча эл аралык уюм алданып кеткен 70 кызды Араб эмиратынан, 6оону Түркиядан кайтарып келишти. Бирок киши саткандарды жетиштүү деңгээлде жазалоого мыйзам жол бербейт. Ошондуктан, Жогорку Кеңеш Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыкты.