Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Темир жолчулар ачкачылыгын улантышууда


БИШКЕК. “Темир жол башкармалыгына Кыдыкбек Исаевдин келиши менен бир катар адистер кызмат ордунан себепсиз кыскартылгандыгына байланыштуу жана башкармалыктын жетекчилигине адис адамдардын келишин талап кылып ачкачылык акциясын 7-июнда баштаганбыз. Бирок жаңы өкмөт биздин талабыбызды аткармак түгүл, кызыгап да коюшкан жок”,-деп билдирди 27-июнда темир жолчулардын көз карандысыз кесиптик кошунун төрагасы Эрнис Докенов маалымат жыйынында. Анын айтымында, ачкачылык жарыялаган адамдардын талабын массалык маалымат каражаттары бурмалап чагылдырып, өкмөткө, коомчулукка туура эмес маалыматтарды берүүдө.

Ал эми Темир жол башкармалыгынын башкы директорунун орун басары Рысбек Эсеналиев ачкачылык жарыялагандардын талабы негизсиз деп билдирди. Ал аталган башкармалыктын башкы бухгалтери кызмат ордунан кыянат пайдалангандыктан кызматтан бошотулгандыгын, ачкачылык жарыялаган 7 адам башкармалыктын жетекчилигине ишенбөөчүлүк көрсөтсө сот органдарына кайрылышса мыйзамдуу кадам болмоктугун белгиледи.

XS
SM
MD
LG