Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

АНЖЫЯНДЫК АКРАМ ЮЛДОШЕВДИН АЯЛЫ КАЧКЫН, КЫЗЫНЫН ТАГДЫРЫ БЕЙМААЛЫМ


Өзбек бийликтери Анжыян шаарынын тургуну, кесиби боюнча мугалим Акрам Юлдошевди бейрасмий «Акрамия» уюмунун түзүүчүсү деп айыптап келатат. 1999-жылы Юлдошевге терроризмге байланыштуу кине тагылып, 17 жылга түрмөгө кесилген. Май айында Анжыяндагы кандуу окуялардан бери Кыргызстандагы качкындар лагеринде баш калкалап келген анын жубайы Йодгора 3 айдан бери күйөөсүнөн кабар ала албай келет.

Йодгора Юлдошева Анжыянда жүздөгөн кишилердин өлүмүнө алып келген май айындагы кандуу окуялардан бери Жалалабад облусунун Сузак районундагы качкындар лагеринде жан сактап келди. Укук коргоо уюмдары 13-14-май күндөрү Анжыянда демонстранттар менен өкмөттүк аскерлер ортосундагы кагылышууларда 750дөй киши курман болгонун айтса, өзбек бийликтери 187 адам набыт кеткенин билдирип, ал окуялар боюнча көз карандысыз иликтөө өткөрүү сунушун четке кагып келатат.


4 баланын энеси Йодгора Юлдошева күйөөсү Акрам экөө тең 42 жашта, убагында мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп таанышып, турмуш курушкан. Кесиби боюнча математик Акрам кийин 1980-жылдардын башында динге бурулуп, исламды изилдей баштаганда жубайы ага колдоо көрсөткөн. Кийин ал динде өз жолун табууга аракеттенип, «Ыйманга Жол» аттуу чакан китеп жазган. Анын китебин окугандар, диний билимине кызыккандар, жолдоочулары көбөйүп баратканда бийликтегилер көтөрүлүшкө үндөгөн исламчыл уюм түздү деп айыптап, 1999-жылы Акрам Юлдошев соттун өкүмү менен 17 жылга эркинен ажыратылган.

Аялы Йодгора Ташкендин алдындагы Сангород түрмөсүнө каттап турчу, акыркы ирет ал күйөөсүн апрель айында көргөн, ошондон бери кабарсыз.

- Күйөөм кайда экенин билбейм. Акыркы жолу ал Сангород түрмөсүндө эле. Кийин айрым анжыяндыктар ал башка жакка которулуптур деп айтып келишти. Өзү жалгыз отурат экен, уруп-сабап кыйнашыптыр деген сөздөр да тарап кетти. Аныгын биле албай, качкындар лагерине келгендердин баарынан сурай берем.


«Акрамия» уюмунун атына уйкаш ысымдуу Акрам Юлдошев алгач 1998-жылы камакка алынып, бир нече айдан кийин мунапыс берилип бошотулган. 1999-жылы Ташкенде өзбек президентинин жолунда орун алган жардыруулардан көп узабай ал кайрадан түрмөгө отургузулган. Өзбек бийликтери Анжыянда түзүлгөн «Акрамия» уюмуна «Хизб-ут Тахрирдин» мурдагы мүчөлөрү топтолгон деген пикирде.

Йодгора Юлдошева анын күйөөсү эч убакта саясат жөнүндө оозанбаганын белгилеп, жалаң ыйман, динди изилдеп, тарапкерлери менен талкуулашып калар эле дейт.

- Ал Каримов жөнүндө сөз болгондо: мен президенттикке да, халифатына да кызыкпайм деп калаар эле. Ал мамлекет башчыны дайындоо – Алланын колундагы иш деп кайталап, президентке каршы аракет – кудайга жакпайт дей турган.


Анжыянда май айында орун алган демонстрацияларга активдүү катышкан Йодгора жергиликтүү 23 бизнесмен «Акрамиянын» мүчөлөрү деп айыпталган сот иши баштан аяк жасалма болгонун айтат. Андан сырткары ал 13-май күнү Анжыяндагы демонстранттар менен жолукканы президент Ислам Каримов келет экен деп угуп аянтка атайлап барганын баяндайт. Йодгора ал жердеги атышууларда көптөгөн тааныштары өлүмгө учураганын, баарынан кыйыны – ал окуялардан кийин түрмөдөгү Акрамдын 3 бир тууганы жана алардын биринин жаш баласы кошо камакка алынганын айтып зар какшайт.

- Күйөөм жөнүндө кабар болуп калабы деп күтүп отурам. Лагерге келгендин баарынан сурай берем. Алар билбейбиз дешет, балким билип эле менден жашырып жатышабы. Акыркы 7-8 жыл менен үчүн абдан оор сыноо болду. Мен азыр президент Каримовго каршы сүйлөй алам, Өзбекстанда анте албайт элем.


Йодгоранын 15 жаштагы уулу да Сузактагы качкындар лагеринде апасы менен турду, эки чоң кызы турмушта, өз жашоосун улантып жатышат. Бир гана 13 жаштагы кичүү кызы Анжыяндагы кандуу окуялардан бери дайынсыз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG