Бүгүн мындан эки күн мурда - шейшембиде учурулган "Дисковери" космос чөлмөгүнүн Эл аралык космос станциясы менен тогошуусу белгиленген. Мунун аралыгында инженерлер анын тышкы кыртышына зыян тийген-тийбегенин иликтөөнү улантууда. Себеби ал шейшембиде космоско учурулган кезде корпусунан сыныктар түшкөнү видеокамераларга тартылып калган. Ушундан кийин НАСА жогорудагыдай техникалык проблемалар чечилмейинче "Дисковери" сыяктуу чөлмөктөрдү мындан ары космоско чыгарбоо чечимине келди. АКШда бортунда киши бар кеме космоско соңку эки жарым жылдан бери алгачкы ирээт учурулуп олтурат. Америкалык кемелердин учуусу 2003-жылдын 1-февралында "Колумбия" деп аталган кеме коноор алдында кыйрап, 7 астронавт мерт болгондон кийин токтотулган эле. Анда иликтөө көргөзгөндөй, кырсыкка кеме учкан кезде анын кыртышынан бөлүнгөн сыныктын сол канатка урулуп, зыян тийгизүүсү себеп болгон.