Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Нарындык окуучу математика боюнча эл аралык олимпиадада коло медалга татыды


НАРЫН. Математика боюнча эл аралык олимпиадада коло медалга татыктуу болгон Нарындагы кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсүн 28-июлда облус губернатору Жыргалбек Азылов кабыл алды. Нарын кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Эрнис Тиленбаев үстүбүздөгү жылдагы республикалык олимпиадада математика сабагы боюнча биринчи орунду ээлеген. Натыйжада эл аралык олимпиадага катышууга укук алган Эрнис Тиленбаев “Себат” билим берүү мекемесинин, нарындык бир катар демөөрчүлөрдүн, облустук акимчиликтин колдоолору менен июль айынын ортосунда Мексика мамлекетинде болуп өткөн эл аралык олимпиадага катышып, жыйынтыгында үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынып кайтты. Математика боюнча бул эл аралык олимпиадага 92 өлкөдөн 513 окуучу катышкан. Кыргызстандан 6 окуучу күч сынашып, өлкөбүз жалпы командалык эсепте 58-орунду ээлеген.

XS
SM
MD
LG