БИШКЕК. 28-июлда өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун төрагалыгы астында өкмөттүн жыйыны болду. Анда алты ай ичинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана кышка карата даярдык талкууланды. Статистикалык маалымат боюнча, 2005-жылдын алты айында ички дүң продукты 2,4 пайызга өскөн. Ал эми инфляция 4,4 пайызга жеткен. Өндүрүш тармагынан өзгөчө тоо кен жана кайра иштетүү тармагынын көрсөткүчтөрү төмөндөп кеткен. Кышка даярдык көрүү маселесинде сын айтылып, Каракечеден көмүр ташууну тездетүү, оңдоп-түзөө иштерин илгерилетүү тийиштүү министрликтерге тапшырылды.