Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Ош СИЗОсундагы качкындарды БУУнун Качкындар башкармалыгына өткөрүп берүү керек


БИШКЕК. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов кыргыз бийлигине кайрылуу менен чыгып, анда эл аралык милдеттенмелерин толук аткаруу менен Оштогу СИЗОдогу 29 качкындын 25и Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча комиссарлыгына өткөрүп берүүнү сунуштады. Ал эми качкын макамы берилбеген төрт атуулдун тагдырын сот аркылуу чечүү керек деген пикирин билдирди. Коалиция ошондой эле Өзбекстандын Кыргызстанга качкындар боюнча кысым көрсөтүүсүн четке кагып, «Кыргызстан коңшу өлкөнүн ички ишине кийлигишкен жери жок. Болгону эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелерин цивилизациялуу өлкө катары аткаруусу тууралуу сөз болууда», - деп белгилеген билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG