Сидней шаарында бүгүн Австралия, АКШ, Индия, Жапония, Кытай жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү жолугуп, Жер шарынын атмосферасынын ысып баратышына каршы чара көрүү боюнча келишим түзүштү. Уюштуруучулардын айтымында, жаңы келишим 1997-жылы түзүлгөн Киото протоколуна каршы келбейт, тескерисинче ага кошумча гана болот. Бирок экологдор жаңы келишимди сындап чыкты, алардын айтымында, жаңы пакт - ага кол койгон мамлекеттердин гана пайдасына иштейт. Киото протоколуна Австралия менен АКШ кирбейт.