10-май күнү Грузияга АКШ президенти Жорж Буш келгенде, ага каршы граната ыргытууга аракеттенген Владимир Арутюняндын Тбилиси шаарынын алдындагы үйүндө кечээ күнү чакан химиялык лаборатория табылды. Ички иштер министрлигинин айтымында, анда жарылуучу жана уулуу заттар жасалган. Арутюнян 22-июлда кармалган.