Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:07

ЕККУнун Баш катчысы Өзбекстанга келди


Бүгүн Өзбекстанга Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Баш катчысы Марк Перрин де Бришамбо келди. Ал өзбек бийликтери менен террорго каршы күрөш жана ЕККУнун Өзбекстандагы ишмердүүлүгү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү өткөрөөрү айтылды. Анткен менен ЕККУнун катчысы Ташкентке Кыргызстандан өзбекстандык качкындарды башка мамлекетке жылдыруу башталганда келип олтурат. Анын үстүнө эл аралык коомчулук Анжиян окуяларын терең иликтөөгө алуу зарылдыгын белгилеп келет. Улуттар уюму Анжияндагы окуяларды “массалык кыргын” деп атаган.

XS
SM
MD
LG