Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Кыргызстандагы өзбек качкындары Румынияга жөнөтүлмөй болду


Бишкек шаарынын "Манас" аэропортунда чогулган төрт жүздөн ашык өзбек качкынынын айрымдары Румынияга көчүрүлмөй болду, ал тууралуу бүгүн румын президенти Траян Бэсэску билдирди. Анын айтымында, Румыния качкындарга убактылуу баш калка берүүгө даяр. Бириккен Улуттардын Качкындар боюнча башкармалыгы азыр бир нече башка мамлекеттин жетекчилиги менен дагы сүйлөшүү жүргүзүүдө, алардын ичинде Чехия да бар.

Башкармалыктын Кыргызстандагы өкүлү Карлос Заканьининин айтымында, аэропортто чогулгандардын баарын Бириккен Улуттар расми түрдө качкын деп эсептейт:

- Бул өзбек жарандары Бириккен Улуттардын Качкындар башкармалыгы тарабынан качкын деп жарыяланат жана ошол себептен башка жакка көчүрүлүүгө тийиш. Бирок жарян көпкө уланат, анткени алардын баары менен бир нече маек өткөрүп жана башка да иликтөө иштерин жүргүзүү керек.

Башкармалыктын жетекчиси Луиз Арбур Женева шаарынан билдиргенге караганда, өзбек жетекчилиги Кыргызстанга өз кызматкерлерин жиберип, качкындарды Өзбекстанга кайтарууга аракеттенип жатканы тынчсыздануу жаратууда.

XS
SM
MD
LG