Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:16

"Дисковери" космос чөлмөгү алып барган жүк бүгүн эл аралык космос станциясына көчүрүлөт


Жети астронавтан тышкары бортуна бир нече тонна жүк салып барган "Дисковери" космос чөлмөгү Эл аралык космос станциясы менен кечээ тогошту. Ал жерде буга чейин бир орусиялык, бир америкалык космонавт иштеп жаткан. Алар "Дисковери" кемеси станцияга тогошоор алдында анын сырткы кыртышын кеңири сүрөткө түшүрүштү. АКШнын космос агенттиги - НАСАнын иженерлери ал сүрөттөр кеме космоско көтөрүлгөн учурда анын ысыктан коргоочу сырткы кыртышына зыян тийген-тийбегенин аныктоого жардам берет деген ишенимде. Себеби кеме учурулган кезде тышкы корпусунан сыныктар түшкөн эле. Ушундан соң НАСА чөлмөктөрдү мындан ары космоско учурбоо чечимине келди. Бул америкалык космос чөлмөгүнүн 2003-жылдын 1-февралында "Колумбия" кемеси коноор алдында кыйрагандан бери алгачкы ирээт учуусу эле. НАСАнын адистери кемеге зыян тийген жок жана экипаждын мүчөлөрү мурда белгиленгендей, 7- августа Жерге кайтып келе алат деген ишенимде турушат.

XS
SM
MD
LG