БИШКЕК. 29-июлда укук коргоочу, экономист маркум Шералы Назаркуловдун үй-бүлөсү, жакындары, саясатчылар анын 50 жашка толгонудугун белгилешти. Назаркулов 2002-жылы январь айында ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровду камакка алууга каршы уюштурган ачкачылык акциясына катышып, 21 күндөн кийин, 7-февралдын таңында дүйнөдөн кайткан. Шералы Назаркулов атындагы чекара комитетти Назаркуловго “Эл баатыры” наамын берүү демилгесин көтөрүп, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоду.