Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Башкы прокурор өзбекстандык 15 адамды кылмышкер деп эсептейт


БИШКЕК. Кыргызстанда калган 15 адам качкын эмес, кылмышкерлер, ошондуктан, аларды Өзбекстанга өткөрүп берүү зарыл. Мындай пикирин Башкы прокурор 29-июлда «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда билдирди. Бирок мындай пикирге президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун макул эмес:

- Мындай аракет жалаң эле Азимбек Бекназаровдун атына эмес, Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркына, урмат-сыйына жакшы атак-даңк алып келбейт. Бул ошол эле жаңы шайланган президент Курманбек Бакиевдин кадыр-баркына да өтө чоң шек келтирет, көлөкө түшүрөт. Андан тышкары дүйнө эли бизди карап турат да.

15 кишинин 11ине да Улуттар уюму 440 өзбекстандыктын катарында качкын макамын ыйгарган. Бирок аларды үчүнчү өлкөгө чыгарууга Башкы прокурор уруксат берген жок.

XS
SM
MD
LG