БИШКЕК. Анжиян окуясында Кыргызстанга баш калка сурап келген өзбекстандыктардын 440 жараны Улуттар уюмунун Качкындар иштери боюнча башкы комиссарлыгынын көмөгү менен 29-июлдун таңында үчүнчү өлкөгө жөнөтүлдү. Улуттар уюму алардын бардыгына качкын макамын ыйгарды. Буга байланыштуу жума күнү тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Билдирүүдө белгиленгенге караганда, Кыргызстан тарап өткөн 2,5 ай ичинде баш паанек сурап келгендердин жагдайын аныктоо иштерин эл аралык нормалардын чегинде, эл аралык юристтердин, качкындар иштери боюнча комиссарлыктын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүздү жана аларды эл аралык коомчулуктун карамагына алуу үчүн үчүнчү өлкөгө өткөрүүгө уруксат берди. Бирок Өзбекстан сунуштаган кошумча документтерди иликтөө максатында Кыргызстанда дагы 15 адам калды. Алардын 11ине качкын макамы ыйгарылган. Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө бул адамдарга байланышкан чечим да Кыргызстан милдеттенген Эл аралык нормалардын чегинде чыгаарына ишенимин билдирген.
Ал эми эл аралык маалымат булактары 440 качкындан бирөө өз каалоосу менен Бишкекте калганын кабарлады. Мындай маалыматты жергиликтүү расмий тараптар бышыкатаган да, жокко чыгарган да жок. Жергиликтүү укук коргоочулар качкындар учаар алдында бир адам калтырууну талап кылып жаткандыгын журналисттерге кабарлашкан.