ЖАЛАЛАБАТ. Партиянын облустун район жана шаарларындагы уюмдары парламентти таркатуу боюнча шайлоочулардын колдорун топтоону баштады. Азыркы Жогорку Кеңешке ишеним көрсөтпөгөн жарандар өз ыктыярлары менен кол коюшууда. Кол топтоо жараяны бир эле Жалалабат облусунда эмес, бүткүл өлкө боюнча жүргүзүлөт. Мындай маалымат “Эркиндик” партиясынын облустук бөлүмүнүн жооптуу катчысы Кылычбек Мамантаевден алынды. Жооптуу катчынын билдирүүсүнө караганда, облуста партиянын 8 миңден ашык мүчөсү бар жана партияга өтүү тууралуу жүздөгөн адамдардын арыздары каралуу алдында турат. “Ата мекен” партиясынын облустагы өкүлдөрүнүн пикири боюнча “Эркиндик” партиясы демилге көтөргөндөй өкмөт менен мамилеси дурус парламентти таркатууга негиз жок.