Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:56

Эркин Якубжанов бошотулду


БИШКЕК. Кыргызстандык журналист Эркин Якубжанов 29-июлда түнкү саат 12де өзбек чекарачылары тарабынан бошотулду. Бул тууралуу 30-июлда «Азаттык» радиосуна тышкы иштер министринин орун басары Таалай Кыдыров билдирди. Ош шаарында иштеген журналист Эркин Якубжанов 18-июлда «Достук» чекара бекетиндеги өзбек чекарачыларынан Анжияндагы окуяга байланыштуу интервью алуу аракети үчүн кармалган эле. ТИМдин түштүк аймагы боюнча өкүлү Бектур Адановдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ал Өзбекстандын коопсуздук кызматынын Анжияндагы бөлүмүндөгү убактылуу кармоочу жайда кармалып турган. Буга чейин «Журналист» коомдук бирикмесиинин төрагасы Кубан Мамбеталиев тышкы иштер министрлигинин жана улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилигине Эркин Якубжановду бошотууга көмөктөшүү боюнча өтүнүчүн жолдогон.

XS
SM
MD
LG