Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:02

Иран түрмөсүндө ачарчылык жарыялаган диссидент өлүм алдында жатат


Бул тууралуу 50 күндөн бери наар албаган Акбар Ганжинин жубайы Массуме Шафие бүгүн Ирандын ИСНА студенттик кабар агенттигине билдирди. Ал эми Ганжинин адвокаты Абдол-Фаттах Солтани бүгүн «Азаттыкка» өзүн да ушул күндөрү камакка алышаары мүмкүн экендигин кабарлады. Шаршембиде камакка алуу буйругу бар өкүлдөр Солтанинин үйүн тинтип, анын жеке буюмдарын жана компютерин алып кетишкен.

Ганжи 2001-жылы бийлик өкүлдөрүнүн саясий киши өлтүрүүлөргө байланышы тууралуу жазган макалалары үчүн алты жылга эркинен ажыратылган эле.

XS
SM
MD
LG