БИШКЕК. Кыргыз өкмөтүнүн жаңы курамын түзүүдө эксперттердин, атуулдук коомдун, бизнес чөйрөсүнүн, мурдагы бийликтин өкүлдөрүнүн, Жогорку Кеңештин депутаттарынын ой-пикир, кеңештери эске алынат. Кыргызстандын жаңыдан шайланган президенти Курманбек Бакиевдин тапшырмасы боюнча өкмөттүн жаңы курамынын акыркы варианты 4-августка чейин даярдалышы керек. Тапшырма вице-пермьер-министрлердин милдеттерин аткаруучулар менен президенттин администрациясынын жана премьер-министрдин бөлүм жетекчилерине тапшырылган. Буга чейин биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов билдиргендей, кыргыз өкмөтүнүн курамы ачык жана эффективдүү болушу керек. Жакынкы күндөрү өкмөт үйүндө жаңы өкмөттүн курамы боюнча Совет доорунда жана андан кийинки жылдары жогорку мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлер, Аскар Акаевдин тушунда жогорку кызматтарды ээлеген адамдар менен, ошондой эле атуулдук коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйындар өткөрүлүп, жаңы өкмөттүн курамын түзүү маселеси талкууланат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.