Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Эки округда кайра добуш берүү өттү


БИШКЕК. 31-июлда ОШ облусунун №39-Куршаб шайлоо округунун №58, 59 жана 62-шайлоо участкаларында жана Бишкектеги Курулуш окуругундагы № 1204 жана 1206-шайлоо участкаларында кайра добуш берүү өткөрүлдү. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматовдун маалыматына караганда, кечки саат 8ге карата Курулуш округунун эки участкасына кайра добуш берүүгө шайлоочулардын 20 пайызга жакыны келди. Куршаб округундагы үч шайлоо участкасында да кечки саат 8ге карата шайлоочулардын 20 пайызына жакыны добуш берүүгө келди. Бул тууралуу аталган шайлоо окуругундагы добуш берүүгө байкоо жургүзгөн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун өкүлү Нурдин Исаков билдирди. Анын айтымында, бул округда эки талапкердин тарапкерлеринин ортосунда талаш-тартыштар орун алды.

Жогорку соттун жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечимдерине ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы аталган эки округдун айрым шайлоо участкаларында кайрадан добуш берүүнү өткөрүү боюнча токтом кабыл алган. Шайлоо кодекси боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыгы округдун калган участокторунда топтолгон добуштардын негизинде жалпы чыгарылып, көп добуш алган талапкер жеңүүчү деп табылат. Аталган участоктор боюнча Куршаб округунан Адахан Мадумаров менен Мамат Орозбаев, ал эми Курулуш округунда Кабай Карабеков менен Ольга Безбородованын ортосунда талаш болгон.

XS
SM
MD
LG