“Дискавери” деп аталган америкалык космостук чөлмөк ушул тапта Эл аралык Космос станциясы менен туташтырылган. Ал 7-августта кайра жерге кайтышы керек эле, бирок жумуштун көптүгүнөн улам, бир күнгө космосто кала турган болду. Жакында ал асманга учурулганда видеотасмада анын сырткы кабыгынан бир бөлүгү учуп кеткени көрүлгөн. Бирок чөлмөктүн экипажынын айтымында, алар абага көрөтүлгөнгө чейин аны жакшылап карап чыгышкан жана эч кандай коркунучтуу мүчүлүштүк жок болчу. Камерага тартылып калынган окуя деле чөлмөктүн ишине көп коркунуч туудурбайт деп кабарланды.
Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Төрөкул Дооров даярдады
Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Төрөкул Дооров даярдады