Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Эл аралык аскер күчтөрүн «Манас» аба майданынан чыгаруу маселеси көтөрүлбөйт


БИШКЕК. Ооганстандагы аскерий абал толук турукташып бүтпөгөндүгүнө байланыштуу АКШ баш болгон өлкөлөрдүн аскерий күчтөрүн «Манас» аба майданынан алып чыгып кетүү маселеси көтөрүлбөйт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров 1-августа журналистерге билдирди. Ошондой эле ал эл аралык аскерий күчтөрдү «Манас» аба майданына жайгаштыруу Кыргызстан менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде чечилгендигин эске салып, эл аралык күчтөр Кыргызстандын аймагында Ооганстандагы обал толук калыбына келгичекти кала берээрин кошумчалады.

Шанхай кызматташтык уюумуна кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын мындан бир нече күн илгери Астана шаарына өткөн жыйында АКШ баш болгон эл аралык күчтөрдөн Борбор азия өлкөлөрүнөн өз аскерлерин чыгарып кетүүсүнүн мөөнөтүн аныктоосун талап кылган декларация кабыл алган. Декаларацияга президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев кол койгон.

XS
SM
MD
LG