Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:19

Өзбекстандык 15 атуул Мекенине кайтарылат


БИШКЕК. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы учурда Оштогу утурумдук тергөө абагында кармалып турушкан өзбекстандык 15 атуулдун Анжиян окуясына чейин эле оор кылмыш жасагандыгын далилдеген документтер менен толук таанышып чыкты. Ошондуктан Кыргыстандын расмий бийлиги бул он беш адамды жакында Өзбекстанга өткөрүп берет. Бул тууралуу Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев 1-августа Бишкекте өткөн мааалымат жыйында билдирди.

Анжиян окуясынан кийин Кыргыстанга качып келген атуулдардын ичинен 439у БУУнун көмөгү менен Бишкектен Румынияга жеткирилген. БУУ баштаган эл аралык уюмдар, жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар он беш атуулду кайрадан Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы болушууда.

XS
SM
MD
LG