Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

Өзбекстан БУУга нааразы


Өзбекстан өткөн жумада Улуттар уюмунун 440 өзбек качкынды Кыргызстандан Румынияга жөнөтүүсүн сынга алды. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги бүгүн жарыялаган билдирүүдө качкындарды көчүрүү эл аралык жоболорду бузуу жана “тышкы күчтөрдүн орой кийлигишүүсү” катары баалады.

Май айында Анжинда болгон калабадан кийин жүздөгөн өзбектер Кыргызстанга өтө качкан. Улуттар уюму Анжиян тополоңун “кызыл кыргын” деп атаган. Улуттар уюму жана адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар качкындар мекенине жөнөтүлсө, кыйноого алынышы мүмкүн деген кооптонууларын билдиргенден улам, алар Румынияга көчүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG