Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:48

Америкалык аскерлердин Ханабаддан чыгып кетүүсү Ооганстандагы операцияларга таасир этпейт


Өзбекстандын Ханабад шаарчасындагы авиабазадан АКШлык аскерлердин чыгып кетүүсү Ооганстандагы аскерий операцияларга таасир этпейт деп билдирди Кошмо Штаттардын аскерий жетекчилиги. Өткөн жума күнү Өзбек өкмөтү АКШлык күчтөрдөн Ханабаддан алты айдын ичинде чыгып кетүүсүн талап кылышкан.

Америкалык полковник Жеймс Йонцтун айтышынча, операцияларды өткөрүүдө Ооганстандагы базалар жана Кыргызстандагы “Ганси” авиабазасы пайдаланылат. Өзбекстан Ханабаддагы авиабазаны америкалыктарга 2001-жылдын 11-сентябрында АКШнын шаарларында болгон террордук чабуулдардан кийин колдонууга берген болчу.

XS
SM
MD
LG