Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:02

Азия чемпионатында кыргыз спортчусу алтын медалга татыды


БИШКЕК. 29-июлдан бери Жапаниянын Ибараки шаарында грек-рим күрөшү боюнча уландар арасында Азия чемпионатынын күч сынашуулары өтүп жатат. Мында Кыргызстандын намысын коргоп жаткан 6 балбандан 50 кг. салмактагы бишкектик Алексей Ялома финалда алтын медалды утуп, Азиянын чемпиону аталды. Ал эми 58 кг. салмактагы балбандардын таймашында кыргызстандык Султан Мухтаров үчүнчү орунду ээлеп, коло байгелүү болду. Ошондой эле 63 жана 69 кг. салмактар боюнча Азия чемпионатынын таймашында Атай Койчукулов менен Могамед Мутаев да коло медаль утуп алышты.
XS
SM
MD
LG