Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Тажик атуулу 7 кил маңзат менен кармалды


ОШ. Ош чегара отрядынын командири Баатыр Абдыкапаровдон алынган маалыматка караганда, чегара, ички иштер органдарынын жана Улуттук коопсуздук кызматынын биргелешкен операциясынын натыйжасында Ош облусунун Чоңалай районунун аймагынан тажик атуулу колго түшкөн. Тинтүү учурунда андан 8 желим баштык табылган. Текшерүү учурунда алардын ичинде Ооган өндүрүшүнөн кайра иштетилип чыккан героин экендиги аныкталган. Маңзаттын жалпы салмагы 7 килограммды түзөт. Мындан да чоң көлөмдөгү маңзат Тажикстан тараптан өтүшү мүмкүн деген оперативдүү маалымат түшкөндүктөн, биргелешкен операция Чоңалай районунун тажик чегарасына жакын аймагында кайрадан улантылууда. Атайын адистер август айынын башы опийимдин бышкан учуру экенин эске алуу менен, чегарадан мыйзамсыз ташылып өтө турган маңзат аткезчилиги күчөшү мүмкүн экендигин эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG