Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:30

Жалалабатта “Фридом Хауздун” өкүлчүлүгү ачылабы?


ЖАЛАЛАБАТ. «Фридом Хауз» уюмунун Вашингтондогу өкүлү Катерина Озгуд айым Жалалабад облусундагы өкмөттүк эмес уюмдардын, адам укугун коргоочулар менен жолугушту. Жолугушуунун өзөгүн обулустагы адам укугун коргоонун жана маалымат алуунун, сөз жана басма сөз эркиндигинин, маалымат каражаттарынын абалы түздү. Адам укугун коргоочулар менен журналисттер туш болгон проблемалар ортого салынып, аларды чечүүнүн жол-жоболору талкууланды. Жолугушууга келгендер коомчулукта маанилүү окуялар болгондо, жергиликтүү бийлик уюмдары маалымат берүүдөн баш тартып, өздөрүнөн жогору турган уюмдарга шылташаарын билдиришти. Далил үчүн өзбек бозгундары облустун аймагына өткөндө жана аларды Жалалабаттан Бишкекке ташуу учурунда тиешелүү кызматтар эч кимге маалымат бербей, бозгундар менен Жалалабат аэропорту толук курчоого алынган окуя күбөгө тартылды. Адам укугун коргоочулар менен журналисттерге кызмат көрсөтүүчү борборлор зарылдыгы жана “Фридом Хауз” уюмунун облуста бөлүмүн ачуу сунуштары айтылды.

XS
SM
MD
LG